Бишкекте бүгүн, 25-мартта саат 6:00 чамасында Фрунзе-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде Фольксваген Пассат жана БМВ Х-5 үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу каза тапты.
Күбөлөрдүн жана Жол-кайгуул кызматынын инспекторлорунун айтымында, Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаада айдоочу гана болгон. Ал таксист экени белгилүү болду. Ал эми БМВ унаасында 4 жүргүнчү болгон. Алар ар түрдүү деңгээлдеги жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилишти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Фольксваген унаасынын айдоочусу Тоголок Молдо көчөсү менен бара жаткан. Фрунзе көчөсүнө жетип, солго бурулууга аракет кылган. Фрунзе көчөсүндө түз бара жаткан БМВ бурулууга аракет кылган Фольксвагенди артынан келип сүзгөн. Фольксваген оң капталы менен бакты катуу сүзүп, анын айдоочусу ошол жерде көз жумду.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.