Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн ардагерлери бийликке өз талаптарын коюшту

Бишкекте бүгүн, 26-мартта “Кыргызстандагы коомдук жана саясий абал, күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин ролу жана аны жөнгө салуу” аталышында тегерек стол болуп өттү. Анда республикадагы саясий жана экономикалык абал, чек ара кызматташтыгы, криминалдык абал жана ушунун айланасындагы темалар талкууланды. Натыйжада бир нече пункттан турган резолюция кабыл алынды.

Коомдук мекемелер, күч органдарынын ардагерлери биргеликте тез аранын ичинде коомчулуктун жашоо шарттын жакшыртууну президентке жана ЖКга болгон кайрылуусунда ишке ашырууну талап кылышты:

- Системдүү түрдө коррупция менен күрөшүү;

- 2010-жылдын 7-апрелинде өз аскердик кызматын аткарган күч түзүмдөрүнүн үстүндөгү сот иштерин токтотуу;

- Күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн ардагерлердин пенсияларын жана иштеп жаткан кызматкерлердин мурунку жана жаңы кабыл алынган чечимдерге ылайык жөлөк пулдарын өз убагында толук төлөп берүү;

- Өкмөт жетекчилиги көп кырдуу кызматташууну, биринчи ирет Орусия, Казакстан менен кызматташууну колдоп, ал эми сырткы өнөктөштөр менен саясий оюндарды токтотуусу зарыл.

Мамлекет жарандарга тынч жашоо тартуулай албайт. Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери бул маселени ишке ашырып жана өз катарына мамлекет алдында жоопкерчиликтүү каалоочуларды чакырат.

"Укук коргоо органдарынын атайын кызматтарынын, аскер жана Кыргызстандын күч курамдарынын офицерлери, өзүңөрдүн ага-ини, эже-карындаштарыңарды атпагыла, тынчтык митингине чыккандарга күч колдонбогула. Алар биздин жана сиздин укуктарды коргоп чыгышты. Эл менен бирге болгула!

Эгерде бул мыйзамдуу талаптар 2014-жылдын 30-мартына чейин аткарылбаса, биз КРнын укук жана мыйзамдарына каршы келе турган иш-аракеттерге барууга мажбур болобуз" деп айтылат кабыл алынган резолюцияда.

Эгерде коюлган талаптар ишке ашпаса, күч курамдарынын ардагерлери кандай кадамдарга барышарын ачык айтышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algajawoo
2014-03-26 21:58:24
Тортунчу талабы Жакшы баардык талаптары Жакшы экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан