Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети: "Жашылдар" партиясынын лидерин кармоого буйрук берилген эмес

Бүгүн, 27-мартта эртең менен “Манас” аэропортунда "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин кармалганына КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тиешеси жок. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-мартта эртең менен Эркин Бөлөкбаев аны “Манас” аэропортунда чек арачы кармаганы боюнча билдирүү жасаган. Ал интернет баракчасы аркылуу “Мен жаңы эле Москвадан келгем. Саат 4:55те мени “Манас” аэропортунун чек арадан өткөрүүчү жайында Улан Табалдиев аттуу чек арачы кармады. Кармоонун себебин айтпай, УКМКнын буйругуна шилтеме берип жатышат”,- деп жарыялаган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан