Бүгүнкү күндө Орусияда “кара тизмеге” кирген 49 миң кыргыз жараны бар. Ал эми расмий эмес маалыматтарга ылайык, бул көрсөткүч 60 миңден ашат. Мындай маалыматты бүгүн, 27-мартта мурдагы акыйкатчы, учурдагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн адам укуктары конгрессинин координатору Турсунбек Акун билдирди.
Айтымында, ага “кара тизмеге” кирип калып, көйгөйлөрү арбып жаткан жарандар көп кайрылышкан. Мындан улам Т.Акун атайын кайрылган 16 кишинин арызынын негизинде кыргыз мигранттарынын укуктары канчалык деңгээлде көзөмөлгө алынып жаткандыгын билүү үчүн конгресстин координатору катары Орусияда 8 күн жүрүп келген.
“Орусиянын Миграция кызматынын өкүлдөрү, жаңы шайланган акыйкатчысы менен жолугуп, сүйлөшүп келдим. Кыргызстандын Орусиядагы консулдугу менен элчилиги да “кара тизмедеги” кыргыз жарандарынын санын кыскартуунун үстүндө иштеп жатышыптыр.
Сочи Олимпиадасында президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен кыргыз мигранттарынын абалы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүптүр. Мындан улам учурда биздин мигранттарга карата мамилелер жакшырууда. Мурдагыдай мигранттарды күч менен айдап чыгарышпайт”,- деди ал.