Бүгүн, 28-мартта маалымат жыйынында Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын камакка алынган тургундарынын энелери аларды бошотуу боюнча КРнын Президенти
Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасашты.
Энелердин бири Назгүл Сыдыкбекова өлкө башчыга даректелген үч төмөнкү негизги талапты жарыялады.
Алар: "Кумтөр" алтын кенин иштетүүнүн айынан чыккан экологиялык көйгөйдү чечүү, камакка алынган саруулуктарды бошотуу жана айрым Жети-Өгүз районунун тургундары боюнча куугунтукту токтотуу.
"Ур-токмокко алууга уруксат берүү" деген мыйзам барбы?! Эмне себептен анда камакка алынган уулдарыбызды милиция кызматкерлери сабап жатышат? Алар Батукаевдей кылмышкер эмес. Ал адамдарды өлтүрсө да, аны эркиндикке чыгарып коюшту",- деди Сыдыкбекова.