Бүгүн, 28-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев кыз-келиндер арасында оор атлетика боюнча өткөн эл аралык мелдештин жеңүүчүсү Каныбек кызы Гүлназды ноутбук менен сыйлады. Маалым болгондой, кечээ Гүлназ штанга көтөрүүдө 1-орунду ээлеген.
Каптагаев ага ден соолук каалап, “сенин ийгиликтериң биздин аймакта спорттун өсүшүнө дем берет” деп куттуктады.
Белгилей кетсек, 19 жаштагы Гүлназ Каныбек кызы Тоң районунда туулган. Ал И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 1-курсунун студенти.