Бишкек шаарынын Дэн Сяопин көчөсүндөгү жол кырсыгы көп катталган жерге жасалма дөңчөлөр (лежачий полицейский) орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта жол кырсыктары көп катталчу. Мындан улам Ленин райондук администрациясы Жол-кайгуул кызматы менен биргеликте ошол жерге ылдамдыкты чектөөчү “жаткан полицейскийди” орнотуу боюнча чечимге келишкен.
Эскерте кетсек, 24-мартта саат 21:20 чамасында Бишкектеги Дэн Сяопин көчөсүндө Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Жаракат алган жаран кырсык болгон жерден каза тапкан.