Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-майга чейин митинг өткөрүүгө чектөө киргизүү боюнча чечим чыгарды

Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясы митинг өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү тууралуу райондук сотко кайрылган. Маалыматка ылайык, ага аталган райондун жашоочуларынын кайрылуусу жана 2010-жылдагы Апрель окуясынын 4 жылдыгына карата даярдыктардын жүрүп жаткандыгы себеп болгон. Ошондой эле мындай чечим коомдук тартипти жана саясий туруктуулукту сактоого багытталган. 

Бүгүн, 31-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы “Биринчи Май райондук соту кабыл алган чечимине ылайык, 31-марттан 1-майга чейин "Ала-Тоо" аянтында, ЖКнын имаратынын алдында, Өкмөт  үйүнүн жанында митинг өткөрүүгө чектөө киргизилди. 

КРнын “Тынчтык митинги жөнүндө” мыйзамына ылайык, жыйналыш өтүүчү аймактын жергиликтүү бийлик органдары митинг өткөрүүгө чектөө киргизүүгө укуктуу. Шаардык ички иштер башкармалыгы бардык жарандарды акция жүргүзүү боюнча мыйзамды сактоого чакырат

Мыйзамга баш ийбөөчүлүк же ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандык административдик жоопко тартылуу менен коштолот деп маалымдады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rdujshen
2014-03-31 10:22:21
Дуйнодо мындай кам корчулук болгон эмес.эмне дейсин Эми буга?кулуп тукуросунда))))
+4
Beksultan01
2014-03-31 10:31:23
АШАнын кылганы да.
+2
munar85
2014-03-31 11:10:21
Бул бийлик болбогон эле шылтоону айтып элге тоскоолдук кылып жатат.Райондун жашоочуларынын отунучу боюнча кабыл алынды дейт 5-айдан бери Саруу элинин отунучун карап койгон жокко. Оштун эли Мелис мырзанын мэр болушун каалап турганда ойлоп койгон жок бул бийлик
+4
boztalaa
2014-03-31 11:41:39
Кошоматчылар ар нерсе кыласынарда жагыныш учун деги аман эсен эле бололу да.тагдырга жазылса кудай колдосо митинги жок деле алмаштырып койот бийликти.
+2
Tokmokchu
2014-03-31 12:16:53
Бул бийликтин ичээр суусу тугонуп, Акаев, Бакиевчесинен жандалбастан жатышат, алар да саясий каршылаштарын кызматтан алып, турмого тыгып, митингге уруксат бербей, корунгон нерсени сатып, продуктулар кымбаттап эл кыйналган, азыркы менен ошолордун эч айырмасы жок, Анда алар уй-булосу менен тоношчу эле, эмкилер командасы менен тоноого отушту!!!
Али да кеч эмес, баары жокто нааразы болгондор, эл бул бойдон токтобойт, баарын кызматтан шыпырып, турмого камап кустуруп, люстрация мыйзамын кабыл а
0
Мэри
2014-04-01 15:41:47
Бул чечим мага аябай жакты. Туура кылышат, кудайдын куттуу күнү митинг. Митингсиз жашай албай калдык беле... Тынч жашай алабызбы? Тилде, грамматикада айрым учурларда кабыл алынган эрежеге баш ийбей турган сөздөр, түшүнүктөр болот, аны исключение деп коюшат да, калганы өз нугунда кете берет. Мен бул чечимди ошондой эле кабыл алдым. Ал эми бул чечим айрыкча укук коргоочуларга жага бербей калды го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан