Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептердин 4-класстын окуучуларынын арасында математика, мекен таануу жана эне тили сабактарынан шаардык олимпиада өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Бул олимпиада биринчи баскычтагы базистик окуу планын, 4 жылдык башталгыч билим берүүнүн негизги жалпы билим берүүчү программаларын өздөштүрүүсүн көзөмөлдөө, башталгыч класстын окуучуларынын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу жана балдардын инсандык чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү максатында болуп жатат.