Учурда КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Ооганстанда жайгашкан Чоң жана Кичи Памирдеги кыргыздарды алып келүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу ЖКнын комитетинин отурумунда аталган министрликтин эл аралык иштер боюнча башчысынын орун басары Доскул Бекмурзаев билдирди.
Айтымында, аларды Кыргызстандын кайсы облусуна алып келүү жана ага канча каражат сарпталары тууралуу суроолор каралып жатат. "Бүгүнкү күндө Памирде жашаган этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин планына киргизилген",- дейт Д.Бекмурзаев.
Белгилей кетсек, бүгүн ЖКнын кызматтык комитеттеринин отурумунда өкмөт алып чыккан этникалык кыргыздарга жарандык берүү процессин жеңилдетүү мыйзамы каралууда.