2011-жылдан баштап 2013-жылга чейин Нарын облусуна келген чет элдик туристтердин саны 3 эсе көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта парламентте эл аралык иштер боюнча комитеттин жыйынында “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун аткаруу жөнүндө маселе каралып жаткан учурда экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, 2011-2013-жылдар аралыгында Нарын облусуна келип кеткен чет элдик туристтердин саны 3313 адамдан 9146га чейин өскөн.
“Аталган регионго конокко жакынкы чет өлкөлөрдөн гана эмес, алыскы чет өлкөлөрдөн да келип жатышат”,- деп кошумчалады Т.Сариев.