Кыргызстанда юридикалык жардам алууга көп учурда эмгек маселелери боюнча кайрылышат

Кыргызстанда юридикалык жардам алууга көп учурда эмгек маселелери боюнча кайрылышат. Бул тууралуу бүгүн, 31-марттагы маалымат жыйынында "Адилет" укуктук клиникасынын кызматкери Айнура Осмоналиева билдирди.
Анын айтымында, 2011-жылы ноябрдан 2014-жылдын мартына чейин "Мыйзам астындагы теңдик" долбоорунун жүрүшүндө мониторинг жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 12 044 адам юрдикалык жардам алып, 303 соттук иш өткөрүлүп, 279у ийгиликтүү аяктаган.
"Юристтердин жардамы менен бир топ кардарлар адилеттикке ээ болушту. Кээ бир окуялар өз убагында коомчулукта чуу жарактан. Маселен, жашы жете элек жигит курулушта иштеп жатып каза тапкан. Бирок башкы куруучуга кылмыш иш козголбой, ал жазага тартылбай калган. Биздин юристтер бул маселени көтөрүп, жеңишке жеткен. Көз жумган баланын ата-энесине 200 миң сом компенсацияланган",- деди Айнура Осмоналиева.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан