Чолпон Жакупова: "Региондогу юристтердин квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүгү азыраак"

Квалификациясын жогорулатууга региондогу юристтердин мүмкүнчүлүктөрү азыраак”,- деди бүгүн, 31-мартта өткөн басма сөз жыйынында “Адилет" укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова

Анын айтымында, адвокаттык кызматтардын төмөндүгү адвокаттык күбөлөндүрүүнү кандай жол менен алгандыгына тыгыз байланыштуу. "Кабыл алынган парламенттик мыйзамга ылайык, бул күбөлөндүрүүнү мурунку соттор же прокуратуранын кызматкерлери гана эмес, милиционерлер, жадакалса депутаттардын жардамчылары да алып алышат. Мындай процессуалдык тажрыйбасы жок, кайсы бир депутаттын жардамчысы болуп иштеген адамга кантип өзүңдүн же жакын адамыңдын тагдырын ишене аласың? Дагы бирден-бир себеби, адвокаттын төмөн бааланган кызматы. Себеби адвокатты мамлекеттик коргоочу катарында гана жалдашат. Бир дагы адвокат өз кызматын 1700 сомго көрсөткүсү келбейт. Аты чыккан, көп жылдык тажрыйбасы бар адвокаттар коммерциялык сектордо иштөөнү тандайт жана кызматына 500 доллардан 1000 долларга чейин талап кылат",- деп кошумчалады Ч.Жакупова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан