29-мартта Кытайдын Бээжин шаарында “Силер дүйнөгө ажар алып келесиңер” сыйлыгынын лауреаттарына сыйлык тапшыруу салтанаты өткөрүлдү.
Бул жылы сыйлыкка жалпысынан 11 талапкер көрсөтүлгөн. Кыргызстан быйыл биринчи жолу дунган диаспорасы менен катышкан. Сынакта талапкер катары Чүй облусунун Милянфан айылы да көрсөтүлүп, сыйлыкка ээ болду.
Сыйлык тапшыруу аземине КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана Кыргызстандагы Дунган коомдук бирикмесинин президенти Бахадыр Сулайманов катышты.
"Бул сыйлык кыргыз-кытай карым-катнашын, тилектештигин даңазалап, кызматташтыгын бекемдейт" деп билдирет КРнын Кытайдагы элчилигинин басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, жогорудагы сынак 1996-жылы уюшулган. Аталган сыйлык Кытай цивилизациясынын өнүгүшүнө салым кошкон маданият, искусство, илим, техника, саясат жаатындагы ишмерлерге, спорт чеберлерине, окумуштууларга ыйгарылып келет.