Бүгүн, 1-апрелде «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ЖАКы "Башкы прокуратура "Кумтөрдөн" ири суммадагы акча чыгарылып кеткендиги боюнча кылмыш ишин козгоп, бирок компанияга билдирүү берген эмес" деген маалыматты таратты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата компания КРнын Башкы прокуратурасынан кандайдыр бир расмий документ алган эмес. Ошондуктан кылмыш иши козголгондугу тууралуу билдирүүгө комментарий бере албайт.
"Ошентсе да «Кумтөр Голд Компани» ал жалгыз акционер болуп саналган «Центерра Голд Инк.» компаниясына дивиденддерди төлөө бизнес жүргүзүүнүн адаттагы практикасынын алкактарында жана мыйзамдардын бардык колдонулуучу талаптарына ылайык жүргүзүлгөнүн тактайт. Дивиденддерди ушундай эле төлөп берүү мурда да корпоративдик ишмердүүлүктүн жалпы кабыл алынган принциптерин сактоо менен жүзөгө ашырылган" деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын юридикалык консультанттары дивиденддерди төлөп берүү “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жоболорун бузбайт" деп билдирет компаниянын басма сөз кызматы.