Өкмөт жооп берет: Чарбачылыкка кызыккан жаштарга Айыл чарба министрлиги колдоо көрсөтөбү?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Мен Жалал-Абад облусунун Сузак районунан болом. 18 жаштамын. Чарбачылыкка кызыгам. Жылкыларды таптап, уйлардын жаңы породаларын алып келип, биздин уйлар менен аргындаштырып асылдуулугун арттырсам деген оюм бар. Анан мага жеңилдетилген шарттар менен лизингге жаңы, заманбап трактор береби? Биздин айылда иштетилбей жаткан 1000 гектардан ашык жер бар, ошону иштетсем дейм. Жаш фермерлерди шыктандырып колдоо көрсөтөсүздөрбү? Суроо калтырган volf_95

Жооп: - "Мен фермерчиликке кызыгам, уйлардын жаңы породаларын алып келип, биздин уйлар менен аргындаштырып, асылдуулугун арттырам" деген оюңузду айтыпсыз. Учурда айыл жеринде калып, дыйкан-фермердик жумуштар менен алектенем деген жаштар аз. Айылыңызда эмгектенип, айыл чарбасына салым кошоюн деген патриот жигиттерден экенсиз. Ошондуктан министрлик сиздин оюңузга толук кошулуу менен чың ден соолук, узун өмүр жана ойлогон ойлоруңузга жетип, өлкөбүздүн эң алдынкы фермер-дыйкандарынан болушуңузду каалайт. 

Айтылган ойлоруңузду ишке ашыруу үчүн айыл чарбасына керектүү кесиптин ээси болушуңуз зарыл. Ал үчүн Бишкек шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Агрардык айыл чарба академиясында мал чарбасына тиешелүү факультеттердин биринде окуп, билим алсаңыз болот. Ошондой эле сизге маалымат үчүн аталган академиянын ветеринария факультетинде быйыл "мал догдурлукка окуймун" деген жарандар менен келишим түзүлүп, бир топ жеңилдиктер донорлор жактан берилмекчи. 

 Ал эми уйларды аргындаштыруу боюнча айта турган болсок, учурда Сузак районунда 3 жасалма жол менен уруктандыруучу пункт иштөөдө, жакында дагы 5 пункт ачылуу алдында турат, ошондуктан кызыккан фермерлер ошол пункттардан «Швиц», «Ала-Тоо», «Абердин-ангус» породасындагы уйлардын уруктарын алып, адистердин жардамы менен уруктандырып, уйлардын порода курамын оңдоого толугу менен болот. Аталган уруктандыруучу пункттардын дарегин билүү үчүн облустагы, райондогу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыктарына кайрылсаңар болот. Ал эми лизинг тууралуу бул шилтемедеги кабарда жазылган.

Суроого Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин кызматкери Кымбатбек Мусаев жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG_barsbek
2014-04-02 19:23:59
Жакшы ой, ар бир адам аракет кылса, каалаган максатына созсуз жетет. Негизинен эн алгачкы пландарын тузуп акырындан ишке ашырууга киришуу керек. Ишти баштоо учун алдын ала керектелуучу нерселерге даярдык коруу керек. Жакшы жумуш баштоодон коркпоо керек, адашсан да, келечекте созсуз тажырыйба топтоо жагынан жардам берет.
+1
Zhanybek88
2014-04-02 23:06:19
Жакшы екен аракет кылсан берекет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан