Кечээ, 4-апрелде Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков 10-апрелде баш калаада өтүүчү митинг боюнча Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаевдин атына билдирүү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде ал "Фейсбуктагы" өздүк баракчасында жарыялады.
Билдирүү катка таянсак, митинг 2014-жылдын 10-апрелинде Горький атындагы сейил бакта саат 10:00дөн 17:00гө чейин өтмөкчү. Ага болжол менен 3-4 миң адамдын катышуусу пландалган жана иш-чарада үн күчөткүч жабдыктар, атайын сцена орнотулмакчы.