Бүгүн, 10-апрелде милиция тарабынан камакка алынган митингдин 200гө жакын катышуучусу бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 120га жакын адам ШИИБдин кабыл алып, таратуучу жайына алынып барган. Тиешелүү териштирүү жана тактоо иштеринен кийин алар бошотулду. "Кармалгандарга милиция тарабынын эч кандай күч колдонулган жок" деп белгиленет маалыматта.