Бишкектеги Республикалык кургак учук институтунун дарыгерлери өз акчаларын сарптап, оңдоп-түзөө иштерин жасашты
Бишкектеги Республикалык кургак учук институтунун жандандыруу жана анестезиология бөлүмүнүн эмгек жамааты оорулууларга жакшы шарт түзүп берүүнү көздөп, өз эсебинен бөлүмдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү. Бул тууралуу super.kg`ге "Мээржазы" коомдук бирикмесинин төрайымы Ыргалай Бекмуратова кабарлады. Абалы начар бөлүмдү оңдоо демилгесин мамлекетти карап отурбай дарыгерлер өздөрү көтөрүшкөн.