Жалал-Абад облусунда 162 мечит каттоодон өткөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жалал-Абад ОИИБинин 10-бөлүмүнүн жетекчиси Мамыржан Мергентаев билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад облусу боюнча 648 мечит, 187 намазкана бар. Мечиттердин 469у бүгүнкү күндө каттоодон өткөн. Ал эми 162 мечит каттоодон өткөн эмес. Алсак, Сузак, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы райондорунда катталбаган мечиттер бар.