Бишкектик жаштардын арасында велосипед тебүү популярдуу болууда (фоторепортаж)

Бишкекте мындан эки жыл мурун жаштар арасында скейт тебүү аябай популярдуу болгон. Тарых музейинин айланасы скейт тебүүчүлөрдүн чогулуучу жайына айланып калган. Түштөн баштап түн бир убакка чейин ары-бери сызып, бири-бири менен жарышып жаткан жаштар көңүл чордонунда эле. 

Андан кийинки жылы жаштар арасында чыгырыктуу коньки (ролик) тебүү модага айланды. Бул жылы “Ала-Тоо” аянтынын айланасында велосипед тепкендер көзгө урунат. Аянтта ижарага велосипед берүүчүлөр кескин көбөйгөнүн баарыбыз эле байкасак керек. Учурда ар кандай веложарыштар уюштурулуп, ал тургай кечээ мэриянын алдында велосипед токтотуучу жай ачылды. 

Учурда бир катар чет мамлекеттерде бийлик жетекчилигинин өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер кымбат баалуу унаалардан велосипедге өтүшкөн. Мисалы, Германияда мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер велосипедчен жүрүшөт. Чет өлкөлөрдө айрым министрликтерде атайын кызматтык велосипеддер каралган. Ким билсин, балким, жакынкы жылдарда жаштар арасында популярдуу болгон велосипед мамлекеттик кызматкерлердин да унаа каражатына айланып калар.        

Чүй проспекти менен Раззаков көчөсүнүн кесилишинде, “Ала-Тоо” кинотеатрынын айланасында жана сейил бактын ичинде ижарага берилчү велосипеддердин саны арбын. “Ала-Тоо” аянтынын айланасында велосипед тепкендердин саны да күндөн-күнгө өсүп, жаштар арасында популярдуу болуп бара жатат.

“Мен бул жерде март айынан бери иштеп жатам, күн жылыгандан бери велосипед тепкиси келгендердин саны арбын болот. Азырынча эл азыраак, жайдын күнү эл көп келери күтүлүүдө. Велосипедди ижарага алгандар ижарасын төлөйт жана паспортун же уюлдук телефонун алып калабыз. Ал коопсуздук үчүн жасалып жаткан кадам. Бир күндө 50гө жакын кардар келет. Дем алыш күндөрү кардарлардын саны бир топ көбөйө түшөт”,- дейт “Ала-Тоо” аянтында велосипедди ижарага берип иштеткен Бактыбек уулу Болот

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
fea1990
2014-04-28 18:47:50
менинда велосипед тепким келип кетигоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан