Бүгүн түнү Кемин жана Талас өрөөнүнүн айрым жерлеринде үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, мындай үшүктүн жүрүшү мөмөлүү дарактарга коркунуч жаратат. Абанын температурасы 0...2°C чейин төмөндөйт.