Бүгүн, 23-апрелде Бишкектин "Жеңиш" аянтында 1941-1945-жылдардагы фашизмге каршы согуштагы Улуу Жеңишке арналган митинг-реквием өткөрүлүп, "Георгий лентасы" аталышындагы акция старт алды. Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери ардактуу конок катары чакырылышты. Алардын дарегине Бишкектин мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, Орусиянын элчилиги, Орусия менен кызматташуу уюмунун жетекчилиги жана мектеп окуучулары ыраазычылык сөздөрүн айтышты.
Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулованын айтымында, 10-майга чейин борбор калаанын ар бир районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке арналган иш-чаралар уюштурулат. Андан соң ал ардагерлерге кайрылып, “биздин жаштар сиздерден үлгү ала алышат, анткени биз сиздер менен сыймыктанабыз” деди.
Кыргызстандагы Орусиянын элчиси Андрей Крутько: “Акыркы 9 жылдан бери “Георгий лентасы” акциясы 30 өлкөдө өтүп жатат. Ардагерлердин жана оорук эмгекчилеринин эрдигин жаңы муунга сактап калуу биз үчүн өтө маанилүү”,- деп айтты.
Улуу Ата Мекендик согушка катышып, эки жолу жаракат алган 91 жаштагы ардагер Пётр Чесноковдун айтымында, ал фашизмди жеңип, жаркын келечекке жетүү үчүн согушкан. “Учурунда мен Кыргыз улуттук университетинде иштеп, дене тарбия жөнүндө бир топ китептерди жарыкка чыгаргам”,- деди ардагер.
Ал эми Андрей аттуу мектеп окуучусу: “Менин туугандарымдан эч ким согушка катышкан эмес. Бирок бүгүнкү иш-чарага келген ар бир ардагерди мен өзүмдүн чоң атам катары эсептейм”,- деп баса белгиледи.
Митинг-реквием Өчпөс отко гүл коюу аземи менен аяктады.