Кыргызстанда жыл башынан бери 1150дөн ашуун ар кандай аталыштагы китеп жарыкка чыкты

Жыл башынан бери 1150дөн ашуун ар кандай аталыштагы китеп,185 аталыштагы гезит, 36 аталыштагы журнал жарык көрдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде КРнын Улуттук китеп палатасынан билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, жарык көргөн китеп, журнал жана гезиттер Китеп палатасы аркылуу таратылып, мамлекеттик китепканаларга берилет. Ал эми бирден нуска Китеп палатасынын архивинде сакталып калат.

Ошондой эле бул жылы 303 аталыштагы көркөм китеп жарыкка чыккан. Анын ичинен 236сы кыргыз тилинде, 48и орус тилинде, ал эми калгандары башка тилдерде басылган. 53 аталыштагы балдар адабияты жарык көрүп, анын ичинен 14ү кыргыз тилинде, калганы орус тилинде жарыяланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан