Эртең, 24-апрелде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бир катар аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы маалымдады.
Маалыматта белгиленгендей, саат 9:00дөн 14:00гө чейин чектелген көчөлөрдүн төрт чарчысы, Кривоносов, Садыбакасов, Кара-Кужур, Түштүк магистралында, Ак-Өргөө конушунда (Ашар, Саадак, Огуз-Ата, Кун-Көчө, Өмүр көчөлөрүндө) «Арча-Бешик» көмөк чордондорунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн.
Саат 10:00дөн 16:00гө чейин Аламүдүн районундагы Октябрьская, Лебединовка айылдарында (Чкалов, Комсомольская, Мичурин, Садовая, Киров, Чапаев көчөлөрүндө, Жеӊиш, Ленин проспектилеринде),
саат 11:00 дөн 15:00 гө чейин Ленинское айылында (Виноградная, Коммунарская, Алма-Ата, Восточная, Набережная көчөлөрүндө), саат 9:00дөн 17:00гө чейин Сокулук айылында (Калинин, Ленинградская, Школьная, Киров, Новая көчөлөрүндө), Жер-Казар айылында (Манас, Тельман, Айдарбеков, Жанаев, Шопоков, Осмонов көчөлөрүндө), Дружба айылында (Фучик көчөсүндө), Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын бир бөлүгүндө (Жакыпов, Чкалов, Ванахун, Микоян, Октябрьская, Щорс, Буслаев, Пушкин көчөлөрүндө), Жайыл районундагы Сары-Булак, Моңолдор айылдарында, жогорку чыңалуудагы «Главная», «Сосновка» көмөк чордондорунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларында "ГЭС-5", “БЧК” көмөк чордонунда оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы күтүлөт.