Ош технологиялык университетинде кийимдер көргөзмөсү өттү

Ош технологиялык университетинде илимий-техникалык конференциянын алкагында саркеч кийимдердин коллекциялары көрсөтүлдү. Бул тууралуу 23-апрелде Рамис Ыдырысов билдирди.

Анда ОшТУнун жеңил өнөр жай технологиясы кафедрасынын жана Технологиялык колледждин окутуучулары менен студенттеринин эмгектери тартууланды.

Жалпысынан 22 коллекция көрсөтүлүп, мыктылары тандалып алынды. Жыйынтыгында жеңил өнөр жай технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Бактыгүл Камбарованын коллекциясы 1-орунду ээледи. Бул коллекциялар Бишкек шаарында боло турган жогорку жана атайын окуу жайлар аралык коллекциялар сынагына окуу жайдын атынан катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан