Казакстанда 1-класстын окуучусунун чөнтөгүндөгү “Samsung Galaxy S2” уюлдук телефону жарылып, кыз шок абалында 3-баскычтагы күйүк менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде казакстандык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя Астанада болгон. Сыртта ойноп жүргөн кыздын чөнтөгүндөгү уюлдук телефон күтүүсүз жарылып, кыздын териси сөөгүнө чейин күйгөн. Азыр ал терисин алмаштыруу боюнча операцияга даярданып жатканы айтылууда.
Ал эми кыздын апасы кызы ооруканада дагы бир топ убакыт болорун жана анын телефондон коркуп калганын айтат. “Бул телефон чыгарган компания менен байланыштык. Алар дарыланууга кете турган акча каражатын төлөп берүүнү убада кылышты”,- дейт.
Кыздын атасы коомчулукка телефон тандоодо кылдат болуу керектигин кеңеш кылып, мындай окуялар буга чейин Европанын ири шаарларында болуп эле жүргөнүн белгилейт. “Бул телефонду биз 1 жыл мурун сатып алганбыз. Аны эми көз карандысыз эксперттерге тапшырып, окуянын келип чыкканын изилдейбиз. “Samsung” компаниясынын Москвадагы кеңсесине байланышканыбызда жарылып кеткен уюлдук телефонду жиберүүнү суранышты. Бирок окуянын чоо-жайын аныктап билгенге чейин жиберүү тууралуу оюбуз жок”,- деп кошумчалайт ал.