“Ата-Бейит” мемориалдык комплексине кетүүчү узундугу 11 чакырымды түзгөн унаа жолу салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар фондунун расмий порталында жазылган. Маалыматта белгиленгендей, Унаа жолдорунун №1-өндүрүш-тилкелик башкармалыгы аталган жолду Чоӊ-Арык, Арашан, Кой-Таш айылдары аркылуу июнь айынан тартып курууга киришет. Курулуш иштерине 85 378 сом сарпталат. Ал эми тендердик билдирмелерди кабыл алуу 12-майда башталат. Эске салсак, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде 1937-жылы репрессиядан курман болгондордун, улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун, ошондой эле 2010-жылы Апрель окуясында каза тапкан баатырлардын сөөгү коюлган. |