"Кумтөр" ишканасынын демөөрчүлүк катары бөлгөн миллиарддаган каражаты кимдерге багытталган? Ошол акчаны карапайым элге насыя катары берсе болмок". Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелдеги маалымат жыйынында Нарын облусунун Кочкор айылынын “Аялдар союзу” коомдук бирикмесинин төрайымы Айгүл Жумашева билдирди.
Анын айтымында, “Ала-Тоо Финанс” микрокредиттик агенттиги түзүлүп, аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жумушсуздарга 7 пайыз менен 50 миң сомго чейин насыя берип баштаган. 2012-жылдын 10-сентябрынан тартып насыя берүү түшүнүксүз себептерден улам токтотулган.
“2013-жылы 26-февралда аталган агенттик жоюлуп, “Центерра Голд инк.” ишканасынын демөөрчүлүк кылып берген 1 миллиард сомунун 803 миллион сому “Айыл банкка” которулган. 7 пайыз 10 пайызга көтөрүлгөн”,- деди активист.
Мындан тышкары ал коомчулукта "Айыл банк" тарабынан аз камсыз үй-бүлөлөргө, жумушсуздарга кандай шарттар менен насыя берилип жатат?" деген сыяктуу суроолор пайда болуп жатканын баса белгиледи.