Коңшу Казакстан 2013-жылы Кыргызстанга 336 миң тоннадан ашуун буудай данын экспорттогон. Мындай маалымат Казакстандын Айыл чарба министрлигинин расмий сайтында жарык көргөн.
Маалыматка ылайык, дандын бир тоннасы 231 доллар болсо, жалпысынан түшкөн сумманын көлөмү 77,8 миллион долларды түзгөнү жазылган. Казакстан жакынкы өлкөлөргө 5 миң тоннага чукул дан экспорттогон.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 2013-жылы дан эгиндери айдалган 486 миң гектар аянттагы жерден 1,2 миллион тонна дан эгини жыйналган.