Эртең Бишкекте жаштар тарабынан жасалуучу кылмыштардын алдын алуу маселеси талкууланат

25-апрелде Бишкектин №20-мектебинде “Жаштар тарабынан жасалуучу кылмыштардын алдын алуу боюнча иш-чаралар” темасына арналган тегерек стол өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага жаштар иштери боюнча ИИБдин, Билим берүү борборунун, үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, мугалимдер жана психологдор катышат. Алар жаштар тарабынан жасалуучу кылмыштардын алдын алуу боюнча докладдарын окуп беришет. Андан соң аталган тема жөнүндө талкуулар жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан