24-25-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Швейцариянын Женева шаарында өтчү Жарандык коргоо боюнча эл аралык уюмунун Башкы ассамблеясынын 21-сессиясына катышат. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара эл аралык кызматташуунун өнүгүүсү үчүн маанилүү болуп эсептелинет. Кыргызстандын эл аралык уюмга кириши жемиштүү натыйжаларга алып келүүдө.
“Үстүбүздөгү жылдын ичинде Кыргызстандын аймагында, тоодо жана сууда кырсыктардан сактоо боюнча 4 машыгуу өткөрүлгөн”,- деп кабарлады басма сөз кызматы.
Мындан тышкары ассамблеянын сессиясынын жүрүшүндө эл аралык уюм жана кыргыз тарап менен перспективалуу кызматташууга кол коюу пландалууда.