Бишкекте кечээ, 23-апрелде Юстиция министрлигинде Эл аралык гуманитардык укук ченемдери тууралуу мекемелер аралык комиссиясынын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, аталган отурумдун жүрүшүндө 2014-жылдын эл аралык гуманитардык укук ченемдеринин ишке ашуусу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу талкуу болду.
"КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору боюнча, айрыкча аскердик кылмыштар бөлүмүнө мамлекеттик органдардын ар кандай сунуштары жана сын-пикирлери айтылды",- деп маалымдайт басма сөз кызматы.