Каданбай Бактыгулов: “Жаңы түзүлгөн сөздүк кыргыз тилиндеги иш кагаздарын жакшыртат”

Бүгүн, 25-апрелде Улуттук китепканада “Юридикалык терминдердин жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгүнүн” бет ачары болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары Каданбай Бактыгулов катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал аталган сөздүктү иштеп чыгуу демилгеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети тарабынан кабыл алынып, USAID/DFID программасынын колдоосу менен ишке ашкан.

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү чаралары жөнүндө” токтомду кабыл алуунун алдында Кыргызстанда колдонулуп келген сөздүктөрдүн көргөзмөсүн уюштурдук.

Биздин мамлекетте эки тил мурда кандай колдонулса, азыр да дал ошондой колдонула берет. Учурда бардык документтер, мыйзамдар, актылар орус тилинде жазылат, андан кийин кыргыз тилине которулат, натыйжада маанисинде да, грамматикасында да көп каталар чыгат. Биз, тескерисинче, документ кыргыз тилинде жазылып, андан соң орус тилине которулса дейбиз. Жаңы түзүлгөн сөздүк кыргыз тилиндеги иш кагаздарын жакшыртат”,- деди Бактыгулов.

Сөздүк 14 миң юридикалык терминден турат жана ал мамлекеттик кызматкерлерге, юристтерге, котормочуларга, окуу жайдын мугалимдерине, студенттерге жана өз ишмердүүлүгүндө юридикалык терминдерди жана түшүнүктөрдү колдонуучуларга арналган. Ошондой эле сөздүк өкмөттүн расмий сайтына мындан ары дагы жакшыртуу максатында жайгаштырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан