
* Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Башкы ассамблеясынын 1999-жылдын октябрында өткөн жыйынында 26-апрелди
Интеллектуалдык менчик күнү деп белгилөө чечими кабыл алынган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик күнүн белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы №16-токтомуна ылайык, коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өзгөчө маани берүү интеллектуалдык менчикке, чыгармачыл адамдардын сиңирген эмгегин таануу жана чыгармачылык менен ойлоп табуучулукту стимулдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "26-апрель Кыргыз Республикасынын жыл сайын майрамдалуучу Интеллектуалдык менчик күнү болуп белгиленсин" деп токтом кылган.

* Мындан 28 жыл мурун, 1986-жылы Украинанын Чернобыль шаарында жайгашкан
"Чернобыль" атомдук электростанциясынын төртүнчү реакторунун оңдоп, ремонттоо мөөнөтү келгендигине байланыштуу 1986-жылы 25-апрелден тартып анын кубаттуулугу азайтылып, түшкө чейин жарымына түшүрүлөт. Мына ошол убакта мурда 1983-жылдан бери үч жолу колдонулуп, бирок ишке ашпаган экспериментти жүргүзүүнү же турбогенератордун кубаттуулугу азайтылгандан кийин анын инерциялык күчү канчага чейин сакталарын дагы бир жолу сынап көрүүнү чечишет. Авариялык муздатуучу систем өчүрүлүп, кубаттуулук дагы азайтылат. Бирок кубаттуулук пландаштырылгандан да тездик менен өзүнөн өзү азайып, системдер нормадагы чектен өтө ысый баштаганда оператор реактордун кубаттуулугун кайра жогорулатып, авариялык муздатуучу системди кошууга аракеттенет. Бирок ал систем иштебей реактор өтө ысып, темир жабдуулары эрип, 26-апрелге караган түнү саат түнкү 1ден 23 мүнөт өткөндө реактор жарылган. Жардыруу учурунда миң тоннача химиялык зат күйүп, радиация Украинанын, Беларусь менен Түндүк Европанын айрым бөлүктөрүнө жайылып кеткен.
Чернобылдагы авариянын кесепеттерин жоюуга СССРдин бардык аймактарынан мобилизацияланган 700 миңге жакын, анын ичинде 3000ден ашык кыргызстандык катышып, ар кандай дозалардагы радио рентгендик нурларга кабылып, алардын бир бөлүгү өмүр бою майып болуп калышкан. Радио рентгендик нурлардан авариядан кийинки алгачкы күндөрдө 4-реактордо түздөн-түз иштешкендер өзгөчө көп жабыр тартышып, анын кесепеттеринен 3 айдын ичинде 31 адам көз жумган. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык, өткөн чейрек кылымдын ичинде Чернобылдагы АЭСтеги жарылуунун кесепеттерин жоюуда иштегендерден 5000ге жакын адам каза болгон.
Чернобылдагы жарылуу Союзга материалдык жана моралдык жактан аябагандай чоң зыян келтирген. Чернобылда 12,5 миң адам жашаса, алардын баары авариядан кийинки 2-3 күндө эвакуацияланган. Алардан сырткары 30 чакырымдык радиустагы айыл, кыштактарда жашашкан 115 миң адам башка коопсуз жактарга көчүрүлүшкөн. АЭСтен зыяндуу заттардын чыгуусун токтотуп, аны консервациялоого жүздөгөн миллион долларлык каражаттар жумшалган. Радиоактивдүү заттар менен булгангандыгына байланыштуу жалпы аянты 5 миллион гектар жер белгисиз мөөнөткө пайдаланылуудан чыгарылган. СССРде, Европада долбоорлонгон АЭСтердин курулуштарынын баары токтотулган. 1986-2002-жылдарда Европада бир да АЭС курулган эмес. АЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандардын майыптарына пенсиялар, калгандарына жөлөк пулдар төлөнөрү каралган. Булардын баары миллиарддаган долларды түзгөн.

* 5 жыл мурун Москва районундагы
Петровка айылында улуттар аралык кагылышуу болгон. Окуя “25 жаштагы Абдулла аттуу күрд жигити Настя деген 4 жашар кызды зордуктады” деген маалыматтын негизинде келип чыккан. “Мындай ишке жол берилбеши керек” деген кыргыздар күрддөр менен кагыша кетишкен. Жыйынтыгында 16 үйдүн терезеси, 5 машина талкаланып, 1 машина өрттөлгөн. Ок атышуунун негизинде 3 кыргыз ар кандай жаракат алган.

* Мындан 51 жыл мурун, 1963-жылы кытайлык актёр
Жет Ли Пекин шаарында туулган. Жет Ли 8 жашка чыкканда классы менен чогуу ушу сабагына катышып калып, ал Жет Лиге чоң таасир калтырган. Жарым жылдан кийин Жет Ли мектепти таштап, Пекиндеги Ушу академиясына тапшырган. 3 жыл ичинде спорттун бул түрүндө такшалууга жетишип, Пекин курама командасына кабыл алынат. Ал эми кийинки жылы балдар арасындагы күрөштөн жана дао кылычтары менен согушуудан биринчиликти багындырып, 11 жаштагы Ли бул тармакта бүткүл Кытай Эл Республикасынын чемпиону аталат. 1974-жылы өзү машыккан спорттун түрү менен кытай элинин намысын коргоо үчүн дүйнөлүк таймашка аттанган. Биринчи сапары жемиштүү болуп, башкы орунду ээлеген жана ошол кездеги АКШнын президенти Ричард Никсондун өз колунан сыйлык алып кайткан.
Жет Лиге 1982-жылы киного тартылуу сунушу келип түшкөн. Буга макул болгон Ли "Шаолинь чиркөөсү" аттуу сериалда башкы каармандын ролун жогорку деңгээлде аткаруу менен кино дүйнөсүнө кадам таштаган. Ушул кинодон кийин Жет Ли Кытайдагы эң атактуу актёр катары таанымал болгон. Андан тышкары роль жаратуудагы эң тез кыймылдары үчүн Ли Жет деген атка конгон. "Жет" бизче "тез, ылдам" дегенди түшүндүрөт.
Өз мекенинде жана жалпы эле Азия өлкөлөрүндө 25тен ашык кинотасмаларда роль жараткан соң Жет Ли дүйнөнү багындыруу максатында Голливудга сапар алат. 1998-жылы актёрдун катышуусунда англис тилиндеги "Өлүм куралы-4" деп аталган жаңы тасма жарыкка чыгат. Андан көп узабай эле Американын белгилүү режиссёрлорунан жаңы фильмдерге тартылуу сунуштары түшө баштаган. Жыйынтыгында "Ромео өлүшү керек", "Ажыдаардын өпкөнү", "Бешиктен чыгып мүрзөгө" деген сыяктуу белгилүү кинолор пайда болгон. Жет Ли кытай киноактёрлору арасында эң көп гонорар алган тажрыйбалуу аткаруучу катары да таанымал болгон. 13 миллион долларды түзгөн бул рекордду актёр "Полк башчылары" фильминдеги ролу үчүн алган.
Жылнаама толугу менен бул жакта...