26-28-апрель күндөрү Чүйдүн айрым айылдарында электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Бүгүн, 26-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районундагы Бирлик, Васильевка, Беш-Күнгөй айылдарында, 28-апрелде Байтик, Кашка-Суу, Арчалы, Кайырма, Учхоз айылдарында, Ысык-Ата районунда, Сокулук районундагы Сокулук айылындагы (Ленинградская, Новая, Школьная, Киров, Калинин көчөлөрүндө) электр жарыгы өчүрүлүүсү ыктымал.
Жогорку чыңалуудагы "БЧК", "Ысык-Ата", "Бирлик", "Беш-Күнгөй" "Ботбаев" көмөк чордондорунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт.