Алмазбек Атамбаев эксперттик топтун жогорку билим берүү системин жакшыртуу боюнча сунуштарын колдоого алып, премьер-министр Жоомарт Оторбаевге ал сунуштарды карап чыгып, ишке ашыруу үчүн жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 25-апрелде маалымдады.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаевге жазган катында: “Кыргызстандын келечегинин кызыкчылыктары билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түп-тамырынан бери өзгөртүүнү талап кылууда. Билим берүү тармагы өлкөгө абдан зарыл болгон адистерди сапаттуу даярдоого багытталууга тийиш”,- дейт өлкө башчы.
Ошондой эле билим берүү мамлекеттин өнүгүшүнүн эң маанилүү тармагы болуп саналарын, билим берүү тармагындагы мамлекеттик чыгымдар өлкөнүн бюджетинин жалпы чыгымдарынын 20 пайызынан көбүн түзөрүн белгилеп өттү. Билим берүү системине бюджеттин ар бир бешинчи сому жумшаларын айтып: “Билим берүү системинин абалын талдоо көрсөткөндөй, бюджеттик ресурстар билим берүү системин туңгуюкка кептеген келечеги жок саясаттын улануусуна багытталган. Азыркы абалдын мындан ары дагы сакталышы билим берүү системин талкалап, мамлекеттин келечегине коркунуч туудурат. Жогорку окуу жайларынын саны акыркы убакта эч негизсиз өсүп, мамлекеттин социалдык-экономикалык талаптарын эске алган эмес. Студенттердин санын, окуу төлөмдөрүн көбөйтүүнүн артынан түшүү билим берүүнүн сапатынын кескин төмөндөшүнө, бүтүрүүчүлөргө карата талаптардын жана окутуучулардын кесипкөйлүгүнүн төмөндөшүнө алып келди”,- деп белгилейт мамлекет башчысы.
Катта жазылгандай, бүгүн Кыргызстандын ар бир жыйырманчы жараны – жогорку окуу жайдын студенти. Өлкөдө 200 миңден ашуун студент окуган 52 жогорку окуу жайы бар. Бирок, президенттин ою боюнча, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткан башкы көйгөй – кесипкөй кадрлардын жана квалификациялуу адистердин жетишсиздиги.
"Жогорку окуу жайлардын 80 пайызга жакын студенти контракттык негизде окуйт. Жылына студент 15 миңден 50 миң сомго чейин контракт акы төлөйт. Жогорку окуу жайлары акча төлөп берүүгө жөндөмдүүлөрдүн баарын кабыл алышат. Натыйжада массалык түрдө диплом алган бүтүрүүчүлөр эмгек рыногунда дисбаланс түзүп, жогорку билимдүү жумушсуздардын саны көбөйүүдө”,- деп баса белгилейт Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысынын маалыматы боюнча, бюджеттин эсебинен 30 миңден ашуун студент окуп жатат, буга мамлекет жылына 723 000 000 сом сарптайт. “Жогорку окуу жайларга мамлекет тарабынан адистерди даярдоо боюнча буйрутмага ылайык бюджеттик орундарды бөлүштүрүүдөгү мамилени өзгөртүү керек. Эгерде студент окуудан чыгарылса же окуу жайын аяктагандан кийин иштөөдөн баш тартса, мамлекеттин студентти окутууга сарптаган акчасын кайтарып алуу механизмдерин иштеп чыгуу зарыл”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Мындан тышкары жогорку окуу жайлардын коррупциялашканын белгиледи. Анткени, адистердин баамында, окутуучулар жана окуу жайлардын жетекчилери жана студенттердин катышуусу менен ондогон коррупциялык схемалар ишке ашырылат. Мыйзамдагы айрым бир алешемдиктердин жана коррупциялык схемалардын жардамы менен тиешелүү базасы жана кесипкөй окутуучулары жок жогорку окуу жайлары ачылгандыгы дагы белгиленет. “Бүгүн жогорку окуу жайлардын ортосундагы атаандашуу көп учурда окуу төлөмдөрүн төмөндөтүү менен чектелет. Башкача айтканда, дипломдорду “сатуу-сатып алуу” менен чектелет”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы белгилегендей, жалпысынан колдоого алынган сунуштарды ишке ашыруу Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын максаттарына дал келет жана билим берүү системиндеги абалды жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп калмакчы.
Жогоруда айтылгандай, жогорку билим берүү системин жакшыртуу боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Эксперттик кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргелешип иштелип чыккан.