Каталондук “Барселонанын” мурунку машыктыруучусу Тито Виланова көз жумду

Каталондук “Барселона” футболдук клубунун мурунку башкы машыктыруучусу, акыркы жылдары рак оорусу менен күрөшүп келген Тито Виланова 45 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу кечээ, 25-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.  

Маалыматка ылайык, ал кезектеги операциядан кийин каза болгон. Операцияга чейин ал ооруканада жакындары жана достору менен жолуккан. Жалпысынан ал буга чейин 2 операцияны башынан өткөргөнү маалымдалып келген.  

“Барселонада” ал 2012-2013-сезонунда башкы машыктыруучу катары эмгектенген. 2013-жылы жай айында ден соолугуна байланыштуу кызматын таштоого мажбур болгон. 2008-2012-жылдар аралыгында Тито Виланова белгилүү машыктыруучу Хосеп Гвардиоланын жардамчысы катары эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Danel
2014-04-26 14:08:29
Жаткен жери жайлуу болсун.
+1
ali.95
2014-04-26 16:19:16
Жакшы тренер болчу барса учун 22-чемпиондукту алып келген болчу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан