Ош. Бүгүнкү күнгө чейин 4 миңден ашуун дарактын түрү отургузулду

Жаз мезгилинде Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты тарабынан Ош шаарында 4 миңден ашуун дарактын, ийне жалбырактуу дарактын, бадалдын көчөтү отургузулган. Бул тууралуу аталган комбинаттын жетекчиси Айгүл Наватова бүгүн, 28-апрелде билдирди.

Анын айтымында, 5500 даана роза гүлүнүн, 5100 даана кан гүлүнүн жана Чехиядан алынып келинген уруктан 180 миң даана көчөт даярдалып, эгилүүдө.

Калаанын эстетикалык кооздугун арттыруу жана тазалыгын жетиштүү деңгээлде кармап туруу үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатат”,- деди ал.

Айта кетсек, шаарды 2017-жылга чейин өнүктүрүү программасында шаардын экологиялык климатын жакшыртуу жана жарандардын ден соолугу үчүн 2017-жылга чейин кошумча 500 миң дарактын, бадал өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн тигүү жана гүл аянттарынын санын 6000 чарчы метрге чейин кеңейтүү каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан