Аймактардагы ооруканаларга үй-бүлөлүк дарыгерлер жана бир катар адистер жетишпейт

Мамлекеттик медициналык академиянын студенттерине Кыргызстандын аймактарында иштөөгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул тууралуу 25-апрелде аталган окуу жайда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусунда айтылды.

Маалыматта белгиленгендей, Кыргызстандын аймактарында үй-бүлөлүк дарыгерлер, нестендирүү-жандандыруучу бөлүмүнүн, жүрөк ооруларынын адиси, балдар оорулары боюнча дарыгерлер, акушер-гинеколог жана дагы бир катар адистер жетишпейт.

Жалпысынан Талас облусунда ар кайсы багытта иштеген 158 адиске, Чүй облусунда 141 адиске, Ысык-Көл облусунда 189 адиске, Баткен облусунда 86 адиске, Жалал-Абад облусунда 138, ал эми Ош облусунда 162 адиске муктаждык бар.  

Эске салсак, учурда айрым региондорго келип иштей турган жаш адистерге бир топ жеӊилдиктер жана бекер турак жайлар да берилмекчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан