Кыргызстанда 2013-жылы 34 миңден ашуун фармацевтикалык продукцияга сертификат берилди

2013-жылы дары-дармектерди сертификациялоо органы тарабынан 34167 фармацевтикалык аталыштагы продукцияга сертификат берилип, ал эми 23 миллион 695 миң сомго бааланган 75 аталыштагы дары-дармектин түрүнө сертификат берилген жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Дары-дармектерди камсыздоо департаментинен билдиришти.  

Маалыматта белгиленгендей, Кыргызстандагы бардык фармацевтикалык продукциялар сөзсүз түрдө текшерүүдөн өтөт. Алардын катарына ата мекендик өндүрүштөн чыккан, чет өлкөдөн алынып келген жана дарыканалардагы индувидуалдык түрдө даярдалган дары-дармектер кирет.  

“КРнын Салматтыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектерди жана медициналык керектүү буюмдарды камсыздоо департаменти тарабынан дарыканаларга жана ооруканаларга түшүп жаткан дары-дармектердин баары лабораториялык сыноодон өткөн соң гана сапаты боюнча сертификатка ээ болот”,- деп кошумчалашты аталган департаменттен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан