Базар-Коргон районундагы кооптуу аймактар калыбына келтирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 25-26-апрель күндөрү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Жарандык коргонуу боюнча командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү. Машыгуунун алкагында Карача айылынын Сай аймагындагы ички чарбалык жолго коркунуч жараткан Кара-Үңкүр дарыясы өз нугуна бурулду. Андан сырткары Базар-Коргон айыл аймагындагы 20 миңден ашуун калкты таза суу менен камсыз кылган скважинаны коргоо иштери жүрдү.