Ош шаардык билим берүү башкармалыгында 7-26-апрель аралыгында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими- 2014» сынагынын биринчи баскычы жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде аталган мекемеден билдиришти.
«Жылдын мыкты мугалими-2014» сынагынын экинчи баскычына 25 мугалим катышты. Экинчи баскычта педагогикалык жана психологиялык тест, экспресс сабактар (сабак өтүүгө 30 мүнөт, ал эми өзүнүн сабагын анализдөөгө 10 мүнөт), тарбиялык саат (тарбиялык саат өтүүгө 20 мүнөт, тема уюштуруу тобу тараптан сунушталган, конкурсант тарабынан тандалып алынган), ата-энелер менен жыйналыш (“Тарбиянын мыктысы - ата-эненин бактысы” деген ураандын алдында 20 мүнөттүк жыйналыш болду) өткөрүлдү. Сынакка катышуучунун 2-баскычтагы топтогон упайлары финалдык турда эске алынат.
“Жылдын мыкты мугалими-2014” сынагынын финалдык туруна катышууга 8 мугалим калды. Катышуучулардын иш тажрыйбасын шаарга жайылтуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан колго алынды.
Айта кетсек, сынактын финалдык турун уюшкандыкта өткөрүү башкармалыктын усулканасына жүктөлдү. Ал эми финалдык тур 3-май күнүнө белгиленди.