"Ош шаарында жер тилкелери бериле баштады" деген маалымат жалган. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Ош шаардык мэриясынын алдындагы Жеке турак жай куруу департаментинин жетекчисинин турак жай маселелери боюнча орун басары Алтынбек Пирматов билдирди.
Анын айтымында, 1993-жылдан бери жер тилкесин алуу үчүн кезекте турган 22 500 жаран бар. “Шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругунун негизинде тизме боюнча гана жер тилкелери берилүүсү талап кылынды. Жер берүү 1993-жылдан бери тизмеде тургандардан башталат. Бирок азырынча жер тилкелери бериле элек. Шаардын Кең-Сай, Дача аймагынан карап жатабыз”,- деди ал.