Бишкекте төрөт учурунда каза болгон энелердин санын азайтуу тууралуу талкуу өтөт

Бишкекте эртең, 29-апрелде Орусия, Молдова, Украина, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.  

Маалыматта белгиленгендей, жолугушууда “Миңдикти өнүктүрүү максаты” иш-чарасынын алкагында анын ишке ашуусу жана учурда жасалып жаткан иш-чаралар туурасында талкуу өтөт. Аталган иш-чара сектор аралык жумушчу тобу менен иштелип чыгып, 2014-жылы Саламаттыкты сактоо жана Экономикалык өнүктүрүү министрлиги бекиткен.   

Ошондой эле жолугушууда төрөттөн каза болгон энелердин санын азайтууда ийгиликке жеткен өлкөлөрдүн тажрыйбасы талкууланат. Андан сырткары төрөгөнгө чейинки, төрөгөн жана төрөттөн кийинки бир жума ичинде көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу тууралуу кеп козголот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sharipa-asia
2014-04-29 00:05:08
Жакшы болот эле аялдарга жардам кылышса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан