Ош. Кара-Кулжада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүрүм-турум эрежелери боюнча сабактар өтүлдү 

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар, Ылай-Талаа, Сары-Булак айыл аймактарындагы орто мектептердин мугалимдери, айыл округдардын өкүлдөрү, мектеп окуучулары жана кооптуу аймактардын жашоочуларына ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын окуу борборунун жарандык коргонуу кафедрасы тарабынан турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздерин, жүрүм-турум эрежелерин үйрөткөн сабак өтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Сабактын негизги максаты жарандык коргонуунун мамлекеттик системи, калкка ыкчам кабар берүү системи жана усулдары, өзгөчө кырдаалдар учурунда жүрүм-турум эрежелери боюнча кабар берүү болуп эсептелди. 

Жыйынтыгында окутуунун катышуучуларына өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турум эрежелери жөнүндөгү материалдар таратылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан