Фархат Кеңешбек уулунун сөөгү кичи мекени Чкалов айылына коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде анын өкүл баласы, ди-джей
Акылбек Ирсалиев билдирди.
"Өкүл атам Фархат Кеңешбек уулу аябай жакшы, үлгүлүү адам болчу. "Кырсык каш-кабактын ортосунда" деген чын экен. Минтип жол кырсыгына кабылып, баарыбызды санаага салып кете берди. Үйлөнгөнүнө 5 ай гана болгон.
Адам болгон соң тирилик кылат экенсиң. Өкүл атам мал менен бизнес кылчу эле. Ошол каргашалуу күнү да Ысык-Көлгө ушул жумушу боюнча кеткен. Жолдо баратып минтип кырсыкка кабылып отурушат. Жанында бир тууган агасы жана улуу агасынын уулу бар экен. Алар да оор жаракат алып, учурда Ысык-Көлдөгү ооруканалардын биринде жатышат. Эми баарыбыз алардын амандыгын тилеп отурабыз.
Эртең саат 10до өкүл атамды акыркы сапарга узатабыз",- дейт мүңкүрөгөн Акылбек.
Эске салсак, 26-апрелден 27-апрелге караган түнү саат 03:30 чамасында Түп районунун Балбай айылында жол кырсыгы катталган. Анда Киа Шума унаасы жолдун каршы тарабында келе жаткан БМВ 525 унаасын сүзүп алган. Анын кесепетинен эки унаанын айдоочулары жана жүргүнчүлөрү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ал эми Киа Шума унаасынын жүргүнчүсү, ырчы Фархат Кеңешбек уулу алган жараатынан ошол жерден каза тапкан.