Караколдо намазканалар, дааватчылар жана диний адабияттар каттоодон өткөрүлөт

Каракол шаарындагы намазканалар, дааватчылар жана динге тиешелүү атайын адабияттар каттоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу 28-апрелде мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, өткөн аптада диний терроризмге каршылык көрсөтүүдөгү көйгөйлөр тууралуу талкуу өтүп, анда шаар ичиндеги намазканаларды, дааватчыларды жана шаарга алынып келип жаткан диний адабияттарды каттоодон өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.

“Дин темасындагы суроолор саясий чөйрөгө да тиешелүү болгондуктан, аталган жолугушууга дин тармагынын, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү башкармалыктардын, билим берүү системинин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты”,- деп билдирди Каракол шаардык мэриясы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kara_kyrgyz
2014-04-29 09:36:16
а эмнеге сауналарды, казинолорду, тунку клуб, караоке, букмекерлерди арак саткан жуздошуу магазиндерди текшербейт ????
0
ulan_rysbaev
2014-04-29 10:32:52
Озубузго озубуз проблема издебей эле коелучу. Ошол дааватчылардын кылган мээнетинен, Аллахтын ырайымы тушуп кунубуз уланып жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан