Бишкек шаарында "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу улантылууда

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарында "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу улантылат. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы маалымдады. 

Ага ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ала-Тоо конушундагы (Көк-Кыя көчөсүндө), Кара-Жыгач (Толстой, Оберон көчөлөрүндө), Бакай-Ата (Көкчө, Анар, Зулайка, Сейтек, Табылды, Ак-Уул көчөлөрүндө), Эне-Сай конушундагы (№14, 15, 16-көчөлөрүндө), Ак-Тилекте (Карагай, Чамгарак, Ат-Айнак көчөлөрүндө) эсептегичтер орнотулат.

Ошондой эле Ак-Өргөө (Ашар, Гагарин, Саадак, Кыбыла көчөлөрүндө); Алтын-Ордо конушундагы (№1, 2- көчөлөрүндө) “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан