Кечээ, 28-апрелде Бишкек шаарында окуучулар арасында спорттун аскердик колдонмо түрлөрү боюнча 2-республикалык спартакиадасында 3-орунду алып келген Алай районунун мектептеринен куралган окуучуларды жана жетектеп барып келген мугалимдерди Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Таалайбек Сарыбашов кабыл алды.
Аким Таалайбек Сарыбашов окуучуларды жеңиши жана алган сыйлыктары менен куттуктады.
Аталган спорттук иш-чарада Алай районунун окуучулары спорттун аскердик колдонмо түрлөрү боюнча 2-республикалык спартакиадасынын кубогу, медаль жана грамоталар менен бирге пневматикалык мылтыктар менен сыйланышты.